Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 16:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Алайда авариялык абалда конгон тик учакта жабыркагандар бар

04.06.2021 16:42
881
Алайда авариялык абалда конгон тик учакта жабыркагандар бар


Кичи-Алай айылында Аба күчтөрүнүн тик учагынын авариялык абалда конуусунун кесепетинен жабыркагандар бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги агенттикке билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, Ноокат жалпы дарыгердик практика борборунун директорунун орун басары Эртабылды Көккөзовдун ыкчам маалыматы боюнча, Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кичи-Алай айылындагы тик учак окуясы тууралуу маалымат алынган, анын натыйжасында жабыркагандар бар.

Окуя болгон жерге Ноокат жалпы дарыгердик практика борборунун 3 медициналык тез жардам бригадасы жөнөп кеткен. Жабыркагандар алынып келинсе кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн