Алай районунун тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суранбай чоң ата быйыл 101ге чыкты.
Ал бир чакырымга жакын жөө басып, көчөдө мал издеп жүргөнүн көрүп айылдашы, аяш баласы видеого тартып жөнөткөн.
Ардагер Жеңиштин 75 жылдыгына карата аны куттуктап, көптөгөн белектер түшүп жатканын айтат. Ал азыр күүлү күчтүү экенин, ошондой эле учурда орозо кармап жатканын билдирген.
Пикирлер (1)