Кулжа 26, 2024
Убакыт: 12:58
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Алайда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

07.05.2020 09:30
794
Алайда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды


Ош облусунун Алай районунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 6-май күнү саат 16:50дө Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.


Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 6 балл, Көк-Суу айылында 5 балл, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Алай, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Гүлчө, Суфи-Курган, Таш-Короо, Кара-Шоро айылдарында жана Ош шаарында  3 баллга чейин сезилген.


Ал эми жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн