Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Алайда селдин кесепетинен жабыркаган объектилер калыбына келтирилди

10.05.2022 12:23
540
Алайда селдин кесепетинен жабыркаган объектилер калыбына келтирилди

Алай районунда селдин кесепеттери толугу менен жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билидрет.


Маалыматка ылайык, 3-майда Алай районуна караштуу Корул, Жошолу, Коңур-Дөбө жана Гүлчө айыл өкмөттөрүндө нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордо сел жүргөн. Чогулган селдин кесепетинен жалпы район боюнча 294 турак үйдүн короолорун, анын ичинен 49 турак үйдүн жана 1 орто мектептин жер төлөөсүн, 3 турак үйдүн ичин, 1 ФАПтын жана 1 китепкананын короосун сел каптаган.


Жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн сел каптаган ар бир айылга райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн техникалар жана күч тартылган.


Алардын жардамы менен Корул айыл аймагына караштуу Кең-Жылга айылындагы 264 куб метр сел калдыктары тазаланды. Ушул эле аймакка тиешелүү Нооруз тилкесиндеги 80 метр сайдын нугу бурулду.


Ал эми Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Курманжан Датка айылында 180 метр сайдын нугу тазаланып, 1890 куб метр жумуш аткарылды.


Учурда Алай районуна караштуу селден жабыркаган айылдардагы турак үйлөр, короолор жана социалдык объекттер сел калдыктарынан толук тазаланып бүттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн