Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:27
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Алайда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө

Алайда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө

3-майда Алай районунун Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында кокту-колоттон суу түшүп, сел жүргөн. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.



Маалыматта сел суулары турак үйлөрдүн короолоруна киргени, бактыга жараша, тургундар жабыркабаганы айтылат.


"Сел Гүлчө айылы менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү алып кетти. Учурда эл айылдагы башка көпүрө менен каттап жатат. Алай райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары жана жарандык коргонуу штабынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барууда", — деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүк бузулган көпүрө эки күндүн аралыгында калыбына келтирилерин билдирди. Кырсык учураткан зыяндын көлөмү кийинчерээк белгилүү болот дешти. Кырдаал президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун жеке көзөмөлүнө алынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн