Алай районунун Гүлчө айылында өрттүн натыйжасынан бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июль күнү Алай районунун Гүлчө айылында Алымбек датка көчөсүндө турак үйдө өрт чыгып, өрттөн 16 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен 1991-жылы туулган үй ээси колунан күйүк алган. Абалы туруктуу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн