Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 16:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Алайдагы сүйлөшүүдө кыргыз-тажик тарап кандай келишимге кол койду?

06.06.2021 09:33
1277
Алайдагы сүйлөшүүдө кыргыз-тажик тарап кандай келишимге кол койду?

Кыргыз өкмөтү чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын комиссиясынын биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда, "Карамык" чек ара тилкесинде эки тараптын мамлекеттик комиссияларынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдин жолукканы айтылат. Тараптар чек ара тилкесинде жаралган кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин билдирген.


Жыйынтыгында төмөнкүдөй протоколго кол коюлду:


- Эки тарап тең чек ара постторун 3 чакырымга чейин артка тартып кетүү;

- Аскер күчтөрүн, аскердик жабдууларды өзүнүн туруктуу жайгашкан жерине кайтаруу жана штаттык чек ара нарядын гана калтыруу;

- Бул тилкедеги жайытты колдонуу боюнча чечим кабыл алынды;

- Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер тараптардын тең төрагалары менен алдын ала макулдашып жасалууга тийиш;

- Тараптардын чек ара наряды жүрүм-турум эрежелерин сактоо;

- Жалпыга маалымдоо каражаттарына эки тарап макулдашкан гана маалыматтарды берүү;

- Топографиялык жумушчу топтун жетекчилерине кыргыз-тажик чек арасынын №12\2 тилкесинен №12\9 тилкесине чейин тактоо иштерин тез арада бүткөрүү тапшырмасы берилди;

- Чек аралаш жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- Тараптар түзүлгөн протоколдун ар бир пунктун дыкат сактоого макулдашты.

Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн