Баш оона 23, 2025
Убакыт: 19:56
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Алайдын 80 пайызын электр энергия менен камсыздоочу ГЭСтин курулушу башталды

01.09.2023 12:06
938
Алайдын 80 пайызын электр энергия менен камсыздоочу ГЭСтин курулушу башталды


Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн Капчыгай участкасына чакан ГЭС куруу иштери башталды. Бул тууралуу акимчиликтен билдирди.


Маалыматка ылайык, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду чакан ГЭС салуу үчүн колдоо көрсөтүп, 4 миллион 200 миң доллар берет. Фонддун төрагасы Артём Новиков менен “Алай Гидро" ишканасынын директору жеринде келишимге кол коюшкан.


Аталган кичи ГЭСти 2024-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда. Андан 9 мВт электр энергиясы иштелип чыгып, Алай районунун 80 пайызын камсыздайт. Ошол эле учурда жумуш орундары да пайда болот.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн