2001-жылдын декабрь айында Алайкуунун Ойтал айылына оор кар түштү. Мен мектепте окуйт элем, кар жааганда эле үйдөгүлөр “кар күрөйсүң”,-деп мектепке жибербей койчу эле. А мен мектептен калганда тойдон калгандай кайгырчумун. Кечке маал баштаган кар түнү эле тизеге жакындатып балбалактап жаап жиберди. Эртең дагы мектепке жибербей койбосун деп малга чөп салган жерлерди, эшиктин алдын тамдын үстүн карындашым экөөбүз күрөп салдык. Ошону менен кар күрөгөндө кутулдук деп жымыңдап уйкуга кирдик. Эрте менен атамдын,
- Кудайдын күнү, ушунча да жаайбы, басып эле калган тура,-деп ары бери кейип басып жүргөнүн уйку аралаш угуп, ичимден “дагы окууга барбай каламбы?”,-деп тура баштадым. Кийинип эле эшикке чыксам бозоргон туман, аппак кар, айлана эч нерсе көрүнбөйт. Эшик араң ачылып, үйдүн үстүнөн түшкөн карлар эшикти тиреп калыптыр.
- Тургула жөжөлөрүм, кар болсо басып калыптыр,-деп апам ары жактан кар жиреп басып келди. Бала болуп мындай карды көргөн жок элем, акыр заман келе жаткандай эле эсим чыкты,
- Апа, кар эми качан токтойт?
- Балам Кудай билет, кийинип чыгып атаңа жардам бер,-деп от жакканга киришти.
Жылуу кийинип алып, апам даярдап койгон чайга нан туурап, сар майдан салып койгон алдымдагы тамакты шапа-шупа ичип сыртта жөнөдүм. Дегеле жан көрүнбөйт, үйдүн тегереги гана көзгө илешет. Мал сарайра жол салып жиреп, алдыдагы карды ары бери ыргытып баарыбыз кар күрөп кирдик. Чөптүн үстүн күрөп, малга чөп салып, кыгын тазалаганча эле түш болду. Кар болжолду 1,5 метрден ашат. Сырта уйларды чыгасак, кардан баса албай, мөөрөп ызы чуу болгон торпоктор ар кайсы жерден секирсе башы көрүнүп, кайра карга чумкуп көрүнбөй калат. Болгон күчүбүз менен эле мал сарайдын үстүн күрөп жаттык, карды көтөр албай урап түшпөсүн деп. Биздин туугандардын жылкылары колго карай элек, жайытта эле. Алар эмне болгонунан кабар жок. Атам кирип-чыккан сайын эле,
- Жылкылар эми кырылмай болду, ушундай да көп жаайбы жараткан!?,-деп кейип жүрдү. Аны угуп биз деле бозоруп, үн катпай кар күрөй бердик. Элде эмне болуп атканын билген жан жок. Свет өчүп калган. Балалык сезим менен кар күрөп жатып, кардын асты менен сойлоп ойноп коем. Ошентип ал күнү кеч кирди, кар токтогон жок. Үч күн катары менен жаагандан кийин күн ачылды. Айлана тегеректи көрө баштадык. Кошуналар менен кыйкырышып эле сүйлөшүп коебуз. Мал-жандыктар сууга жетпей сырттан кар аймап жеп жатты. Биз үйдөгү сууну үнөмдөп чайга гана коротуп, бети-колду кар ээритип жуудук.
Күн ачылганда кыйкырышып, эл кантип атканы тууралуу уга баштадык. Биздин жогору жагыбызда Акен аке,
- Ээ-эй, жаман болуптур,-деп кыйкырган үнүн эле угабыз. Көрсө ошол оор кар жааганда айылдын аркы четин кар көчкү басып калыптыр. Тоодон көчкөн кар коктуга толуп, андан ашкан көчкү биздин айылдын четинде жашагандардын үйүн басып калыптыр. Эки үй бүлөө каза болуп, аман калгандарын эртеси элдер чукуп чыгарып куткарып калышты. Оор карда биздин айыл 5 адамын жоготуптур.
Арадан 1 жумадай убакыт өтүп кетти, башка айылдарда эмне болуп атканы тууралуу эч кандай байланыш болгон жок. Ар ким кар күрөп эле жатышты. Күндүн көзү көрүнгөндө жашоо уланарына үмүт байлап кубандык. Болбосо бозоргон туман арасында балбалактап жааган карды көрүп, айлабыз кетип, ичибизден мүңкүрөп жашап жаттык. Ошентип биздин айылдын үстүнөн вертолет учуп өттү. Баарыбыз тебетейибизди асманга ыргытып кубанып, тамдын үстүнө чыгып алып кол булгаладык. Болду болбоду айылдын борборуна конот болуш керек деп, кар күрөп аткан күрөктөрдү ыргытып чуркап жөнөдүк. Барсак вертолеттен 3-4 киши түшүп, элдер аларды тегеректеп калыптыр. Көрсө алар кар баскан айылдан кабар алганы эмес, алдыда боло турган шайлоого бюллетень жеткирип келген экен. Элдер аларды этек жеңинен тарткылап, оорулууларды районго жеткирип, жардам алып келип беришин өтүнүп жатышты. Вертолеттен түшкөндөр башка айылды дагы кыдырып, бюллетень таштаганча кабар алалы, абалды райондук бийликке жеткиребиз деп кайра учуп кетишти. Ошентип эртеси вертолет дагы келип, азыноолак жардам, туз, керосин таштап көчкүдө жараат алгандарды жүктөп алып кайра кетти. Тогузунчу күнү трактор жолду тазалап, машинелер кыймылга келе башташты.
“Алайкууда жашаган – азаптуу сыймык” деп Кожогелди Култегин агабыз айткандай, алайкуулуктар мындай оор кыштын азап-тозогуна көнүп калышкан. Ал убакта интернет жок, жада калса телефон байлыныш да болгон эмес. Азыр, кар жааганы тууралуу бат эле маалымат жетип жатат. Эгерде, ошондо шайлоого бюллетень алып келген вертолет болбогондо абалыбыз кандай болмок. Мындай калың кар түшкөн, жут болгон жылдар көп эле болуптур. Ошол себептен ар бир алайкуулук кыштын кыйноосун тартканда:
- Жаз келсе эле көчүп кетем!,-деп айтышат. Бирок, жаз келип, жайкалып чөп чыгып, элдер жайлоодо бал кымыз ичкенде эле баягы баштан өткөн азапты унутушат. Ошентип жаратылыш шарты катаал Алайкууну 20 миңден ашык калк мекендеп, жердеп келет.
Алайкуулуктар жайлата малын семиртип, күзүндө сүрүп келип сатып, бир кышка жете турган азык түлүгүн жүктөп кетип, улуу тоолордун арасында жата беришет.
Сүрөт Мээрим Жумабек кызыныкы.
2 күн мурунку кар
2021.14.01
Дайырбек Орунбеков, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн