Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:28
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Алдамчылыкка айыпталган Жеңиш Разаков күнөөсүн мойнуна албайт

30.01.2023 12:52
245
Алдамчылыкка айыпталган Жеңиш Разаков күнөөсүн мойнуна албайт

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков күнөөсүн мойнуна албайт. Бул тууралуу анын жактоочусу 24.kg агенттигине билдирген.


Жактоочунун айтымында, Разаков өзү да жабыркаган.


"Жеңиш Разаковго 2017-жылы Мирлан Бекетаев аттуу жаран кайрылып чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн ага 1 миллион доллар акча керектигин айтып, акчаны банктагы эсепке гана которуп кайрадан Разаковго кайтарып берерин убада кылган.


Жеңиш Разаков Арзыбек Буркановдон дагы акча алып аны Бекетаевге которгон. Ал акчаны алгандан кийин изин жашырган. 

Жеңиш Разаков Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Бекетаевге чара көрүүнү суранган. Бекетаевге карата издөө жарыяланган.


Ал эми Разаков Арзыбек Буркановго иштин чоо-жайын түшүндүргөнүнө карабастан акчаны кайтарып берүүнү талап кылган",-деди жактоочу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн