Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаардык соту алдамчылыкка шектелип Биринчи Май райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган Аида Исакованы абактан бошотту. Бул тууралуу анын жактоочулары социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, шаардык сот Аида Исаковага карата соттун өкүмүн күчүндө калтырган менен анын баласы 14 жашка чыккандан кийин соттун өкүмү күчүнө кирет.
Эске салсак, 2022-жылдын соңунда Исакова 6 өспүрүм баласы жана кош бойлуу болгонуна карабай абакка кесилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн