Бугу 22, 2024
Убакыт: 09:04
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Алдамчылыкка шектелип абакта отурган аялдын боюндагы баласы түшүп калган

21.10.2021 10:46
631
Алдамчылыкка шектелип абакта отурган аялдын боюндагы баласы түшүп калган

Алдамчылыкка шектелип абакта отурган аялдын боюндагы баласы түшүп калган.

Бул туурасында Акыйкатчы институтунан маалымдашып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына шектүүнү медициналык кароодон толук өткөрүү өтүнүчүн келтирди.


Мекемеден белгилешкендей, акыйкатчы буга чейин Свердлов райондук сотуна, андан кийин шаардык сотуна 32 жаштагы шектүүнүн бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган.


"Эки сотко кайрылуунун себеби ал кош бойлуулуктун алгачкы стадиясында экени жана УЗИнин жыйынтыгы бойдон түшүү коркунучунда экенин көрсөткөн. Бирок баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. 14-октябрда УЗИден келиндин курсагындагы түйүлдүк өспөй калганы аныкталган. Мындан улам №3 төрөт үйүнө жөнөтүлүп, операция жасалган. Ал 20-октябрга чейин ошол жерде болгон. Аялдын күйөөсү баш коргоо чарасын өзгөртүүгө жардам берүү өтүнүчү менен Акыйкатчы институтуна кайрылган", - деп жазылат маалыматта.


Шектүү өзгөчө ири өлчөмдө 47 миллион 900 миң сом же "Ишенип берилген мүлктүн жок кылуу" беренесине шектелип кармалган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн