Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 02:25
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды

12.02.2024 12:25
359
Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды


Ысык-Көл облусунун аймагында мурда издөөдө жүргөн Н.Д. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен издөөдө жүргөн. Шектүү коомдук жайларда орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалган.

Белгилей кетсек, бул жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун ички иштер бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн