Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Москва районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу  Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.


Февраль айынын башында Сокулук районунда бир адам микрокредиттик компанияга жасалма документтерин тапшырып, жалпы суммасы 200 000 сом насыя алып, дайынсыз жоголгон.


Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча козголгон кылмыштардын негизинде бирдиктүү реестрга катталган.


Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Москва районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 12-мартта шектүүнү кармашкан. ИИМдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ыкчам-профилактикалык каттоодо турган 1982-жылы туулган А.А. болуп чыккан.

Кармалган адам Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кийин сот камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.


Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки процесстер уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн