Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Алданып калбаңыз! Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен автобус уюштургандар токтотулду

11.06.2020 18:23
1345
Алданып калбаңыз! Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен автобус уюштургандар токтотулду


Москва шаарынан Кыргызстанга өз алдынча автобус уюштуруп, чагымчыл аракеттерди көргөндөр токтотулду. Бул тууралуу Россиядагы Элчиликтен билдирди.


Маалыматка ылайык, 10-11-июнь күндөрү Москва шаарында иштеп, жашап жаткан кыргыз жарандарды мекенине автобус менен Оренбург облусундагы Россия-Казакстан чек арасы аркылуу Казакстандан транзит менен алып өтөбүз деп Котельники районунда элди чогулуп жаткан адамдар кармалган.


Жеринде айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрү иштери жүргүзүлүп, Казакстандын чек арасы жабык экени айтылган. Натыйжада жарандарды убактылуу мейманканаларга жаткырылып, алардан жол акыга деп алынган 3 миң рублдары Ички иштер министрлигинин Россидагы өкүлчүлүгү тарабынан кайтартылып берилген.


Ал эми чагымчыл аракеттерди уюштуруп, алдамчылыкка барган адамдарга карата чара көрүлөрү айтылат.


Мындан улам, Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерди тастыкталган маалыматтарга гана ишенип, суроо жаралган учурда Элчиликке кайрылууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн