Бугу 21, 2024
Убакыт: 06:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алдыда АКШ. Дүйнө өлкөлөрү аскердик тармакка 2 трлн доллардан ашык каражат сарптаган

25.04.2022 10:16
495
Алдыда АКШ. Дүйнө өлкөлөрү аскердик тармакка 2 трлн доллардан ашык каражат сарптаган

Дүйнө өлкөлөрү бир жылда аскердик тармак үчүн 2,1 триллион доллар каражат сарптаган. Бул тууралуу BBC кызматы Стокгольм эл аралык изилдөө институтуна таянып жазды.


Маалыматка ылайык, дүйнө өлкөлөрү 7 жылдан бери аскердик күчтөрү үчүн каражат сарптоонун көлөмүн жаңылап келе жатат.


Изилдөөдө ар бир өлкөнүн бюджетине ылайык канча бөлүгүн аскердик тармагына бөлгөнү айтылат.


2021-жылы Америка Кошмо Штаттары 801  миллиард доллар бөлсө, Кытай 293 миллиард доллар бөлгөн.

Үчүнчү орунда Индия 76,6 миллиард доллар бөлүп жайгашса, төртүнчү орунда Улуу Британия 68 миллиард доллар менен турат.

Бешинчи орунда Россия 65 миллиард доллар менен  турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн