Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Алдыдагы майрамдык иш-чараларга байланыштуу Ош ОИИБде гарнизондук саптык кароо болуп өттү

16.12.2022 14:44
521
Алдыдагы майрамдык иш-чараларга байланыштуу Ош ОИИБде гарнизондук саптык кароо болуп өттү



2022-жылдын 16-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде гарнизондук саптык кароо болуп өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдиришти.


Борбордук аянтка Ош ОИИБдин борбордук аппаратынын, Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунун Ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Ош ОИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальондун кызматкерлеринин өздүк курамы тизилишти. Бул иш чаранын максаты өздүк курамдын коомдук коопсуздукту камсыз кылууда күжүрмөн даярдыгын көздөн өткөрүү жана буга чейинки текшерүү учурунда байкалган кемчилдиктерди жоюу болуп саналат. 


 Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттеринин алкагында ар кандай кырдаалдарда күжүрмөн даярдыкта болуусу зарыл. Ошондуктан Ош ОИИБдин бөлүм, кызматтарынын кызматкерлери коомдук коосуздукту камсыз кылууда өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактарда иш алып барышат. Саптык кароосуна жыйынтыгы менен мындагы катышкандардын даярдыгына жакшы деген баа берилди.


Өздүк курамга атайын жаныбардын негизинде күжүрмөн даярдык боюнча окуулар өтүп турат.


Гарнизондук саптык кароо Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Абитовдун жетекчилиги астында өткөрүлдү.  коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулуп, ошондой эле милиция кызматкерлеринин сырткы келбетине, форманын белгиленген стандарттарга шайкеш кийип жүрүүгө  өзгөчө көңүл бурулду.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн