Туурасын айтканда азыркы тапта жалгыз эле Кыргызстанда эмес, дүйнө мамлекеттеринде жагдай тынч эмес. Өзгөчө мурдагы СССРдин «шинелинен» чыккан көз карандысыз мамлекеттерде жагдай опурталдуу. Маселен, Арменияда оппозиция премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылууда. Ага аскерлер да, парламенттеги партиялар да каршы чыгууда.
Коңшулаш Казакстанда да саясий кырдаал кызып турат. Февраль айынын акыркы жекшембисинде Казакстандын бир нече шаарларында саясий туткундарды бошотуу, социалдык-экономикалык реформаларды жасоо, чет элдиктерге жерлерди сатуудан баш тартуу талаптары менен митингдер болуп өттү. Нурсултан Назарбаевдин саясаттан кетүүсүн, Касым-Жомарт Токаевдин отставкасын талап кылгандары да болду. Акциянын катышуучулары полиция кызматкерлери тарабынан кармалышканын да маалымат каражаттары аркылуу билдик.
Ушул сыяктуу эле нааразычылык акциялары Грузияда, Украинада, Белоруссияда да уланууда. Россияда да оппозициячыл саясатчы Навальный камакка алынгандан бери кырдаал жакшы эмес.
КМШ айдыңындагы мына ушул процесстердин баарында батыштын «изи» байкалып жатканын көптөгөн эксперттер, журналисттер айтып, жазып келет. Өзгөчө АКШ бийлигине Байдендин келиши менен андай аракеттер активдешип кетти деген маанай бар.
Демек, бул процесстер Кыргызстанды да кыйгап өтпөйт. Анын үстүнө акыркы жарым жылдан бери өлкө ичинде да толук кандуу стабилдүүлүк орной элек. Саясий элитанын ичинде тымызын тирешүүлөр бар. Жаңыдан ишин баштаган президент Садыр Жапаровдун командасы да толук кандуу түптөлүп бүтө элек. Бийликке келгендердин ичинде да билинбеген таасир талашуулар байкалып турат.
Мына ушул али солкулдак абалдагы бийлик саясий айдыңды өзүнө ылайыкташтыруу багытында аракеттерди баштады. Албетте, бийликти бекемдөө зарыл. Ал үчүн тиешелүү кадамдар жасалышы керек. Бирок, ал шашылыш жана башкача ойлонгондордун сунуштарын четке кагуу менен жасалбашы керек. Маселен, Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгуу багытында аракеттер бир топ шашылыш жасалып жаткандай болуп турат. Ал эми андагы кемчиликтерди айткандардын сунуштарын четке кагуу, нааразычылыктардын күчөшүн гана камсыздап коёт.
Мындан сырткары алдыда жергиликтүү кеңештердин шайлоосу турат. 11-апрелде 28 шаардык кеңешке, 420 айылдык кеңешке шайлоолор өтөт. 28 шаардык кеңешке 61 саясий партия катышуу ниетин билдиргени маалым. Демек, бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоо парламенттик шайлоо сыяктуу эле өтө олуттуу жана маанилүү болуп саналат. Мында да шайлоолорду ачык-айкын жана таза өткөрүү милдети турат. Кандайдыр бир административдик ресурстардын же добуштарды сатып алуулардын белгилери байкала турган болсо, анда ал да жаңы нааразычылыктардын жаралышына түрткү берет.
Азыр мамлекетибиз өтө алсыз абалда. Жаңы толкундоолорго, жаңы нааразычылык акцияларына туруштук бериши кыйын болуп калат. Андыктан бийлик мурдагы бийликтердин кетирген катачылыктарын кылдат анализдеп, алардын бирин дагы кайталап алуудан алыс болушу кажет.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн