Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

24.08.2020 16:01
907
Өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт


Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, 26-27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


27-августта күндүз жана 28-августта түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 15…20°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 18…23°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 6…11°, күндүз 17…22°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 16…21°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.


Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн