Бугу 09, 2024
Убакыт: 01:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Алдыңкы вагондор жок болуп кеткен. Грецияда эки поезд бетме-бет сүзүштү (фото)

01.03.2023 09:09
598
Алдыңкы вагондор жок болуп кеткен. Грецияда эки поезд бетме-бет сүзүштү (фото)

Бүгүн, 1-мартта Грециянын  Лариса шаарына жакын жерде эки поезд бетме-бет сүзүштү.  Бул тууралуу BBC орус кызматы билдирди.


Маалым болгондой, жүргүнчү ташуучу поезд менен жүк ташуучу поезд бир линияда бири-бирине бет маңдай келип сүзүшкөн. Мындан улам алдыңкы вагондор талкаланып, тетиктер ондогон метрлерге чачырап кеткен.

Жүргүнчү ташуучу поездде 350 киши болгон. Алардын 270ине жардам көрсөтүлүп эвакуацияланган.


Кырсыктан кеминде 26 адам каза болгон.

Поезддер кантип бир линияга түшүп калганы азырынча белгисиз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн