Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алган факты боюнча Ош шаарынын жашоочусу кармалды

Алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алган факты боюнча Ош шаарынын жашоочусу кармалды


Ички иштер органдарына Ош облусунун Ноокат шаарынын жашоочусу арыз менен
кайрылып, анда алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алып, материалык
зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүү суранычын
билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


  Аныкталгандай, 2020-жылдын күз айында чала тааныш адам алдоо жолу менен
ишенимге кирип, 100 миң сом акча каражатын ээлеп алган. Бир аз убакыт
өткөндөн кийин дагы 5 миң сом алып, андан соң  жолугушуулардан качып,
изин жашырып кеткен.


  Бул факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз
Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси менен сотко чейинки
өндүрүштү баштаган.

  Укукка каршы аракеттерди жасоого тиешеси бар жаранды тактоо жана 
кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык
башкармалыгы жүргүзүшкөн. Жакында, ушул жылдын март айында ИИМдин КМКнын
Аймактар аралык башкармалыгы жүргүзүшкөн иш-чаралардын натыйжасында
Ноокат районунун аймагынан  Ош шаарынын жашоочусу 1983-жылы туулган М.З.
кармалды.  Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча жаран М.З.
мурда үч жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу
топтун мүчөсү катары турат.

  Азыркы учурда иликтөө жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн