Бугу 10, 2024
Убакыт: 07:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Александр Лукашенко Белоруcсиянын президенттик шайлоосуна алтынчы ирет катышат

14.05.2020 18:39
829
Александр Лукашенко Белоруcсиянын президенттик шайлоосуна алтынчы ирет катышат


Белоруcсиянын Борбордук шайлоо комиссиясына мамлекет башчысы Александр Лукашенко президенттик шайлоого катышары тууралуу билдирүү келип түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык,  мындай демилгени Белорусcиянын профсоюздар федерациясынын төрагасы Михаил Орда жиберген.


Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуу үчүн 12 арыз келип түшкөн.


Белоруcсиянын парламентти шайлоону 9-августка белгилеген. Ал эми талапкерлер 15-майга чейин комиссияга катышуусун тастыктаган документтерди өткөрүүлөрү керек. Каттоо өзү июль айынын 5нен 15не чейин жүрүп, 2-8-август аралыгында мөөнөтүнөн мурда шайлоо каралган.

 

Эске салсак, Лукашенко президенттик шаайлоону 1994чү, 2001чи, 2006чы, 2010чу жана 2015-жылдары жеңип алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн