Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 05:02
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

Лукашенко Путин менен сүйлөшүү үчүн Сочиге барды

14.09.2020 15:44
1136
Лукашенко Путин менен сүйлөшүү үчүн Сочиге барды


Беларустун президенти Александр Лукашенко бүгүн, 14-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Сочи шаарына барды, деп жазат ТАСС. 


Маалыматка караганда, бул Лукашенконун 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийинки биринчи чет элдик иш сапары. 


Эки өлкөнүн лидерлери август айынан бери 6 жолу телефон аркылуу байланышкан. 3-сентябрда Минск шаарына Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин барып келген. Ал эми Москвага Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей келип кеткен. 


Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Сочидеги жолугушууда эки тараптуу стратегиялык кызматташуу маселелери талкууланмакчы. 


Эскерте кетсек, Беларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Нааразылык акциясына чыккандар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир нече адам жабыр тарткан.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн