Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 14:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Александр Лукашенко ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн спикерлери менен жолугушту

18.05.2023 16:16
397
Александр Лукашенко ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн спикерлери менен жолугушту

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Көз карандысыздык сарайында өткөн жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары да катышты.


Жолугушууда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун учурдагы абалы жана анын келечеги талкууланып, кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттердин ролу жогору экени белгиленди.


Ошондой эле президент Александр Лукашенко Парламенттик ассамблеянын ишин жакшыртуу жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. Анын ичинен коргоо жана коопсуздук жаатындагы моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу маселелерине токтолду.


Муну менен катар уюмга мүчө мамлекеттерде өткөн шайлоо өнөктүктөрүнө байкоочу катары Парламенттик ассамблеянын миссиясынын катышуусу өзгөчө мааниге ээ экенин айткан Александр Лукашенко социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу зарылчылыгын да кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн