Бугу 07, 2024
Убакыт: 23:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Александр Лукашенко президент Жээнбековго жана Кыргызстан элине көңүл айтты

30.07.2020 11:41
949
Александр Лукашенко президент Жээнбековго жана Кыргызстан элине көңүл айтты


Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко коронавирус пандемиясынын курмандыктарына карата Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго жана өлкө элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


«Беларусь Республикасы коронавирус илдетинин жайылуусунан улам жакындары менен бир туугандарын жоготкон Кыргызстандын жашоочуларынын орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт. Ар бир адамдын саламаттыгы менен өмүрү үчүн күрөштөгү кайраттын күчү, негиздүү жана чечкиндүү кадамдар өлкөңүздөгү эпидемияга байланышкан кыйынчылыктарды жеңип чыгууга өбөлгө болооруна ишенем», — деп айтылат Беларусь Президентинин көңүл айтуу телеграммасында.


Александр Лукашенко Беларусь элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын ниеттен көңүл айтып, ооруп калган кыргызстандыктардын тез арада сакайып кетүүсүн каалады.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн