Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:07
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Алексей Тепляшин 100 тонна вагонду жылдырып, рекорд койду

26.04.2022 11:01
367
Алексей Тепляшин 100 тонна вагонду жылдырып, рекорд койду

Спортчу Алексей Тепляшин темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча Кыргызстандын рекордун койду. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы кабарлайт.


Иш-чара 22-апрель күнү өттү. Спортчу жонуна илинген кайыш кур менен чиркештирилген 4 даана вагонду жана кошумча салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин жылдырган. Ал эми жүктүн жалпы салмагы 100 тонна 150 килограммды түзгөн.


Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып, 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды. Темир жол вагонун оордунан жылдыруу боюнча жаңы коюлган рекордду ал Кыргызстандын жалпы элине арнай турганын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн