Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Алгач милицияга кол салган. Бишкекте мушташкан балдар кармалды

03.01.2022 08:50
1661
Алгач милицияга кол салган. Бишкекте мушташкан балдар кармалды

Бишкектеги "Империя пицца" кафесинде эс алып жаткан жигиттер милиция кызматкерлерине кол салды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалым болгондой, окуя 1-январь күнү  Аламүдүн-1 кичи районунда болгон.


"Таңкы саат 06:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшүп, жерине кызматкерлер барган. Эки тарап болуп мушташып жаткан балдарды токтотуу аракет көргөн милиция кызматкерлерине балдар кол көтөргөн. Алар өздөрүн агрессивдүү көрсөтүп, кызматкерлерге баш ийбей, алардын формаларын айрып салышкан.


Жерине кошумча Аламүдүн жана Чүй ОИИББинин кызматкерлери барып, мушташып жаткан балдарды РИИБге алып келишкен. Алар жолдо кызматтык унаанын терезесин талкалашкан.

Алар; 1995-жылы туулган Ж.Н., Я.А., 1997-жылы туулган С.А. жана 1998-жылы туулган Т.М. аттуу жарандар. Аларга бир канча айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Райондук сот алардын баш коргоо чарасын карап чыгып үй камагына чыгарган. Ошондой эле алар мушташ убагында мас абалында болушкан. Учурда кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн