Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Алгачкы беттешинде жеңилип калганына карабай Роман Ким коло медаль жеңип алды

19.04.2022 18:26
663
Алгачкы беттешинде жеңилип калганына карабай Роман Ким коло медаль жеңип алды

Кыргызстандык балбан Роман Ким Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медалга татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.


Роман Ким 130 кг салмакта турнирдин чейрек финалынан баштап катышты. Алгачкы атаандашы казакстандык Алимхан Сыздыковго жеңилип калды. Бирок Сыздыков финалга чыккандыгы үчүн коло байгеге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло үчүн кармашууда Роман Кимдин япониялык атаандашы Арата Сонода белгисиз себептерден улам килем үстүнө чыккан жок. Мындан улам жеңиш кыргызстандык спортчуга берилди.


Белгилей кетсек, буга чейин Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) Азия чемпионатында алтын медаль багындырган.


Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн