Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:49
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Али Токтакунов: Матраимовдордун абийири ачылып, кандай кыларын билбей турган учуру

11.12.2020 16:12
1847
Али Токтакунов:  Матраимовдордун абийири ачылып, кандай кыларын билбей турган учуру

Матраимовдордун доо арызы боюнча соттук отурум бүгүн уланмак. Бирок судьянын келбей калгандыгына байланыштуу соттук отурум кийинкиге жылдырылган. Бул тууралуу журналист Али Токтакунов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.


Матраимовдордун доо арызы боюнча бүгүн 14:00гө белгиленген сот жылдырылды деп азыр эле кабарлашты. Судья Ибраимова келе албайт деп айтышты. Эми качан болору белгисиз. Келем дегендер убара болбогула. Сотко берип, баштаарын баштап алгандардын күн сайын абийири ачылып, калың эл утуп баратат. Сөз эркиндигине, журналисттерге басым кылып, дөөгүрсүгөн Матраимовдор азыр кандай кыларын, ишти кантип жымсал бүтүрүүнү билбей турган учуру“, – деп билдирүү жазган Али Токтакунов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Улан бир оодарылып алды.Бейишинен берсин.