Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:22
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Али Токтакунов: Бажы кызматынын азыркы төрагасы кезинде Матраимовдон коркпой, коррупцияга каршы чыккан

08.06.2021 14:03
2524
Али Токтакунов: Бажы кызматынын азыркы төрагасы кезинде Матраимовдон коркпой, коррупцияга каршы чыккан

Бажы кызматынын башына жаңы дайындалган Самат Исабековду көпчүлүгүңөр биздин Бажыдагы коррупция боюнча 2019-жылдагы иликтөөдөн көргөнсүңөр. (Төмөндөгү сүрөт ошол интервью учурунда тартылган).



Убагында бу тармактагы коррупцияны кантип жойсо болорун сааттап талкуулаганбыз. Бажы, Чек ара кызматтарындагы көмүскө кожоюндар, кимге канча пара берилерин, схемаларды ачык айтып чыккан. Ал мезгилде далай бажычылар, министрлер, депутаттар Райымбек Матраимовдон, коркуп, же анын кареги менен тең айланып жүргөн кез болчу. Самат байке коррупцияга каршы ачык билдирүүлөрү үчүн ыдык көрүп, тепки жегенин, соттошконун көпчүлүк биле бербейт.



Ал Бажыдагы туташ коррупциянын тамыры каерге жеткенин, кантип үзүштү жакшы билет. Эгерде карт-бланш берилген болсо, буга чейинкидей шефти жөн эле отургузуп коюп, иш жүзүндө орун басарлар чечкендей болбосо, анда Самат Исабеков тармакты жакшы эле оңдойт деген үмүт бар.
Бийликтин бул кадамын кубаттап, Исабековго ийгилик каалайлы!


Али Токтакунов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн