Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Али Токтакунов: Эрежени Боронов өзү бузду, эми өлгөндөрдүн көбөйүшүнө ким жооптуу болот?

18.06.2020 11:55
1260
Али Токтакунов: Эрежени Боронов өзү бузду, эми өлгөндөрдүн көбөйүшүнө ким жооптуу болот?

Кыргыз өкмөтү коомдук жайда 50 адамдан ашык топтолууга тыюу салган. Өздөрү чогулган сүрөттө 120дан ашуун киши турат. Бирөө да маска тагынбай, жабышып турушат.

 

Эрежени премьер-министр Кубатбек Боронов өзү баш болуп бузушту. Ушул бир сүрөт менен элге тескери сигнал жетти. Аз күн мурда эле Боронов «Вирус өлкөбүздө жайылып жатат жана беткап тагынуу, аралыкты сактоо, колду бат-баттан жууп туруу, социалдык байланыштарды кыскартуу сыяктуу санитардык эрежелерди сактабай коюу ар бир адамдын өмүрү үчүн кооптуу” – деген.

 

Эми анын өзү да аткарбаган бул талабы арык аттап, суу кечеби? Токтом-эрежени сыйлап, ачка болсо да үйүндө жаткан жарандар буга эмне дейт? Эми өкмөт кантип элден жоопкерчиликтүү болууну талап кылат? Натыйжада ооругандардын, өлгөндөрдүн көбөйүшүнө, жакырланууга ким жооптуу болот?

 

Бир күн өттү, жосунсуз иш үчүн бирөө да элден кечирим сурап койгон жок.

 

Буга каршы бир мисал. Апрелдин башы, Чехияда коронавирус күчөп аткан. Кризистик штабдын жыйынында отурган эмгек министри Яна Малачова, онлайн катышып аткан ички иштер министри Ян Гамачек беткапсыз отурушканы үчүн кийин элден кечирим сурашып, 10 миң крондон (30 миң сом) штраф төлөштү. «Актанбайм. Ката кетирдим. Эреже баарына бирдей.” деди Гамачек.

 

Натыйжа кандай? Чех өкмөтүнүн талабын бардык жарандары, анын ичинде биз чет өлкөлүктөр кыйшаюусуз аткарып келатабыз. Анын негизинде чектөө улам алынып, азыр имарат ичи, коомдук унаа сыяктуу жабык жерлерде гана беткап тагынуу милдет. Ошонун эсебинен Чехияда 20-апрелден бери күнүнө коронавирус жугузгандар кескин азайды.

 

Бул үчүн акча кетеби?


Бул үчүн кыйын менеджер болуу керекпи?


Бул жөнөкөй эле жоопкерчилик эмеспи?


Али Токтакунов, журналист


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн