Матраимов уурдаганынын бир күкүмүн эмес, толук кайтарсын! Мындай пикирин "Азаттык" үналгысынын журналисти Али Токтакунов өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Нан кимдики?! 5 жашар бөбөктүкү, 15 жаштагы уландыкы, 55теги эженики, 85теги карыяныкы. Меники, сиздики, элдики. Элдин бүтүн нанын уурдагандар күкүмүн кайтарып жазадан кутулбашы керек! Биз буга жол бербейли!",- деген билдирүү калтырган.
Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов акчаны накталай жана мүлк түрүндо төлөп бүткөнүн билдирген.
Пикирлер (1)