Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Али Токтакунов: Мындай арзан шоу менен коркута албайсыңар

25.01.2021 09:49
2196
Али Токтакунов: Мындай арзан шоу менен коркута албайсыңар


Журналист катары күнүнө кээде ондогон адам менен жолугам. Өлкөдөгү кырдаалга анализ жүргүзүп, алардын пикирин угуп, маалымат чогултуп, салыштырып дегендей. Алардын арасында түрдүү кесиптин ээлери, жаштар, эксперттер, Текебаев баштаган саясатчылар да бар. Бул журналисттин күнүмдүк кадимки иши. Аны бир олуттуу кылмышты ачып алгандай жайылтып аткандары күлкүлүү.


Мен го жашырынбай эл арасында, кафеде ачык жолугушуп атам. Кечээ жакында эле Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев баштаган саясатчылар түн катып бир канча ирет Текебаевдин үйүнө чейин барып жүрүшкөн. Бирок маселе анда эмес. Маселе оппоненттердин, көз карандысыз журналисттердин сары изине түшкөн, артынан аңдыган, тыңшаган полициялык, авторитардык режимдин кайтып келе жатканында. Жакпаган тарапты ыксыз каралоо, бузуку атаандаштык жүргүзүүдө. Ушундай аңдуу, маалыматтык террор заманынын урматына катар катар революция кылдык беле?!


Биз мындайга жол бербейли! Жол берсе бүгүн мени, Текебаевди, Молдокматовду, эртең сени, аны, баарын аңдыйт.


Эгер кошоматчылар жасап атса азыркы бийлик мындайды кескин четке кагышы керек. Эгер бийлик өзү уюштуруп аткан болсо тезинен эсине келсин. Арты жакшы менен бүтпөйт. Мындай арзан шоу менен коркута да алышпайт.


Баса, бул Текебаев менен биринчи жолугушуу эмес. Тээ илгери түрмөнүн ооруканасында жатканда телеге маек алгам. Экинчи сүрөт ошондон.

 

Али Токтакунов, журналист

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Жылдыз
Али азаматсын.Ар дайым чындык тараптасын.Коррупционерлердин жузун ачып келатасын.Эл убагында тушуноор
ernic
Сени аңдыган жок көргөн адам тартып алдыда кафеден.Звезда болобербечи 2чи сөзүн коркутат деген сөз чыкпадыго.
Жумагул
Али Токтакунов таптакыр калыстыгын жок журналист экенсин Бут эле Бир тараптуу сен озун эле озунду интернет звезда кылдын го кичине Элди ынтымакка чакырган жакшылыкка жоруган статья жазасын?