Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 04:58
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Муфтийге келгенде кош стандарт болбошу керек

11.02.2021 12:43
533
Муфтийге келгенде кош стандарт болбошу керек


Кош стандарт тууралуу


Райымбек Матраимов: Бажыдан миллиарддарды уурдап, мыйзамсыз байыган. Өтмө катар коррупциялык схемаларды түзгөн. Бажы терминалдарын рейдерлик менен тартып алган. Кылмыштарын айтып чыккан журналисттерге, бажычыларга, активисттерге, саясатчыларга чабуул уюштурган. А түгүл аны адам өлтүрүү аракетине айыптагандар бар. Анын желдеттери Ошто кимдерди атып, уруп жүргөнүнө видеодалилдер чыккан.


Уурдаган акчасына партия уюштуруп шайлоочуларды, кайрымдуулук уюштурумуш болуп айрым адамдарды сатып алган. Мунун баары биз жана өздөрү (мис.: шайлоо боюнча Марлен Маматалиев) далилдеп бергендер гана. Жоон топ журналисттер тобу эбак эле фактынын баарын ачыкка чыгарганбыз. Күтүп, создуктурууга эч себеп жок.


Ал дале эркиндикте тайраңдап, схемалары жана кишилери Бажыда иштеп жатат. Бул азыркы бийлик, Садыр Жапаров Атамбаев жана Жээнбеков сыяктуу эле Райым миллиондун табакташына, досуна айланганынан кабар берет. Жогорудагы фактыларды эске алганда Матраимовго кеминде 20 кылмыш ишин козгосо болот. Чыныгы кармалып, камалчу киши ошол. Муфтий жана башка камалгандарга салыштыра келгенде кош стандарт болбошу керек.


Али Токтакунов, журналист


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн