Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:52
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Алиев: Биз Армения менен кайра согушкубуз келбейт, алар макул болбосо Ереванды талап кылабыз

13.01.2022 08:52
1244
Алиев: Биз Армения менен кайра согушкубуз келбейт, алар макул болбосо Ереванды талап кылабыз


Азербайжан президенти Ильхам Алиев Арменияны чек арадагы чагымчылдыкка айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.


Азербайжан президенти Арменияны эки өлкөнүн азыркы чек арасын болгондой таанууга чакырган.


"Биз Армения менен кайра согушкубуз келбейт. Биз тынчтык келишимине кол коюп, ынтымакта жашашыбыз керек. Эки өлкөнүн тең азыркы бүтүндүгүн таанып жашайлы.

Эгер Армения буга макул эмес болсо, биздин дагы шарттарыбыз болот.

Арменияга биздин тарыхый Гейче, Зангезур жана Ереван аймактарыбыз өтүп кеткен. Анда биз аларды кайтарып алууга туура келет. Андай болсо биз буга чейин далилденгендей жеңилбейбиз",- деди Алиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн