Аликбек Жекшенкулов учурунда тышкы иштер министринин биринчи орун басары, тышкы иштер министри, сегиз мамлекетте: Австрия, Венгрия, Чехия, Словакия, Израилде, акыркы убакта Россияда, Грецияда, Арменияда элчи болуп иштеген. Кесипкөй дипломат, кыраакы саясатчы.
- Аликбек Жекшенкулович, эгемендүүлүктү өлкөбүздүн калкы кандай кабыл алды?
- Союз ыдыраган маалда мен “Легендарлуу парламенттеги” жаш депутаттардын бири элем, андыктан, ошол кездеги процесстердин баарын атуул катары да, саясатчы катары дагы жонтерим менен сезип, кан-жаным аркылуу өткөрдүм десем болот. Ошол учурга кылчайып, мен бир нерсени так айта алам: Беловежская пущада жолугушуу өтүп, СССРдин жашоосун токтотуу боюнча тарыхый келишимге кол коюлганга чейин биздин парламентте дегеле эгемендүүлүк тууралуу сөз болчу эмес. Ооба, демократия жөнүндө, Коммунисттик партиянын, саясый системанын кемчиликтери, чарбалык жана кадрдык көйгөйлөр, өзүн-өзү башкарууга өтүү тууралуу айтылчу. Бирок эч ким, атүгүл эң агрессивдүү демократтар да СССРдин курамынан чыгуу, эгемендүүлүк жөнүндө кеп кылгандары эсимде жок. Ал эми 1991-жылы март айында СССРди сактап калуу боюнча референдум өткөндө, кыргыз элинин дээрлик 95 пайызы Советтер союзун колдоп, анын курамында калууга добуш беришкен. Анан Беловежск келишимине кол коюлуп, СССР ыдыраганы белгилүү болгондо, биз албетте, айран-таң болуп, “шок” абалда калдык. Мындайга биз жаштар эле эмес, тажрыйбалуу, кадыр-барктуу саясатчылар да даяр эмес эле.
- Эгемендиктин алгачкы жылдарында кандай кыйынчылыктар болду? Айрым бир катачылыктарга жол берилди беле?
- Союз кезинде биз кандай гана көйгөй болбосун Москвага кайрылчубуз, өзгөчө саясый, кадрдык маселелер боюнча, экономика жөнүндө айтпай эле коёюн. Анан союздун кыйрашы менен Россия өз алапайын таппай калды, ар ким өз арбайлары менен алек болушту. Ошондон улам бир кездеги “балалык ооруларыбыз” кайра козуп чыга баштады.
Биринчи кезекте трайбализм. Ага кошумча болуп, псевдоэркиндик, «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” сезими күч алды. Мунун баары бир чоң мамлекеттин алкагында түзүлгөн баалуулуктарды жок кыла баштады. Мына ушундай ооздукталбаган демократиянын шарында биз эшиктерибизди баарына ачып салдык – Түркия, АКШ, Кытай жана башка көптөгөн өлкөлөр биздин өлкөдө өз долбоорлорун ишке ашырууга киришти. Мындай шартта биз эгемендүүлүккө ыктап, мамлекеттик ишмер, дипломат болууга үйрөндүк, ушунун баарына кан, тер менен жетишүүгө туура келди.
Эгемендүүлүктүн эң орчундуу каталарынын бири – стратегиялык тармактардагы мамлекеттик мүлктү сатканыбыз болду. Анын ичинде PESAC программасынын алкагында.
Маалымдама: 1994-жылы Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда менчиктештирүү долбоору жана ишканалар секторун жөнгө салуу кредити (PESAC) деп аталган документке кол коюлуп, программа Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган. Натыйжада Кыргыз Республикасындагы 36 ири ишкана рентабелдүү эмес (!) деп табылды, анын ичинде Ленин атындагы коргонуу заводу, Фрунзе атындагы айыл чарба шаймандарын жасоочу машина куруучу завод, Кыргыз камволдук нооту комбинаты, Октябрдын 40 жылдыгы, ВЛКСМ атындагы кийим тигүү фабрикалары жана башкалар. Бул ишканалардын баары талкаланып жок болду. Он миңдеген адамдар жумушсуз калышты.
Бул программа биздин өнөр жайыбызды талкалады. Миллиондогон долларлык станоктор металл сыныктарынын баасында сатылып, ар бир жаран колунан келишинче оокат кылып, жан бакканга өттү. Биздеги көчмөндүк дух эң кыйын учурларда кайратына келгени, аман калууга жөндөмдүүлүгүбүз дагы сактап калганы боюнча пикирлер бар. Адамдар "челноктук” кылып, башка өлкөлөргө иштегени кетишти, ар ким колунан келген ишин жасады. Бул болсо бүгүнкү күндө орто жана чакан бизнес экономикабыздын кыраркасы, негизги таянычы болуп калуусуна алып келди.
Экинчи олуттуу катачылык – “трайбализмге каршы күрөшөбүз” деп жар салынып, бирок иш жүзүндө андай күрөш жүргөн жок. Бул илдет азыр көмүскө мүнөзгө өткөн, ал бүгүнкү күндө да бар.
Америкалыктардын Кыргызстанга келиши менен демократия жөнүндө сөз кылуу модага айланды. Өкүнүчтүү жери, демократияны биз көбүнесе кандайдыр бир ызы-чуу салуу, митингдерде айкырып-кыйкыруу укугу катары кабыл алдык. А чындыгында демократия – бул эң оболу жоопкерчилик, мыйзамдуулук. Тилекке каршы, ушул экинчи нерсени биз, анын ичинде демократиялык принциптерди туу туткан саясатчылар да унутуп коёбуз.
Эгемендүүлүккө жетишкен соң жаш республикабызда ислам радикализминин идеялары, күнүмдүк улутчулдук, батышчыл таасир күчөдү. Чексиз демократиянын толкунунда бийликтин көбү “элге берилип”, мамлекет жөнүндө аз эле адамдар сүйлөп жатканда, пантүркизм идеясы да күч алды, бирок тамыр жайып кеткен жок.
- Орус тили жөнүндө кандай ойдосуз?
- Азыркыга чейин кээ бирөөлөр орус тилинин маанисин баалабай, түшүнбөй жатышат. Эгемендүүлүк, телчигүү мезгилинде бизге орус тилин билгенибиз жардам бербедиби. Дал орус тили аркылуу биз дүйнөлүк адабиятка, көркөм өнөргө гана эмес, илимий-техникалык адабиятка, көптөгөн эл аралык сүйлөшүүлөргө жол ачтык. Ошол мезгилде котормочулар, мисалы, англис тилинен кыргызчага жана кыргызчадан англисчеге которгон кишилер бирин-экин гана болчу. Ал эми кыргызчадан арабчага которгондор дегеле жок эле. Орус тили БУУнун тили болуп келген жана болуп кала берет, ал кыргыз тилинин өнүгүшүнө эч кандай тоскоолдук кылбайт. Андыктан, биз орус тилин сактап, кыргыз тилин өнүктүрүп, башка тилдерди да үйрөнө турган болсок, мындан маданий жактан баюуга гана ээ болобуз.
- Кыргыздарды эл аралык коомчулук кандай кабыл алды?
- Батыштык өнөктөштөр башында бизге карата акыл айткан таризде болчу, эгемендүүлүк алганыбыздан бери ондогон жылдар өтсө да эч нерсе өзгөргөн жок. Риторика кээ бир аныктамаларына чейин ошол эле бойдон калды. Ар бир өлкө бизди өз максатына ылайык изилдеп, күчүк сымал эркелетип, өз тарабына тартканга аракет кылып көрдү. Бирөө башыбыздан сылап, бирөө жонубуздан сылап эркелетти. Баары кыргыздарды “тил алчаак эл, каалаган жагыңа ээрчитип кете берсең боло берет” деген ойдо болушту, биздин чыныгы улуттук кулк-мүнөзүбүздү түшүнүшкөн жок.
Менимче, негизи биздин саясатчылар жылдан-жылга прагматик болуп баратышат, бул туура эле.
Биз ордубузду түшүнүшүбүз керек, ал үчүн географиябызды карап көрсөк жетиштүү болот. Картаны алып көрөлүчү, Бишкек кайда да, ал эми Брюссель, Вашингтон кайда? Москва менен Пекин кайда? Чыныгы улуттук кызыкчылыктарыбыздын маңызы түшүнүктүү эле болуп турат го... Биз Москва–Пекин биримдигинин чыңдалышына кызыкдар болуп, өзүбүздүн абалыбызды өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга пайдаланууну үйрөнүшүбүз керек.
Биз тигил же бул өлкөдөн эмнени кааларыбызды, алар бизден эмнени үмүт кылып жатканын так билишибиз зарыл. Бул өтө маанилүү. Дипломатия, эл аралык мамилелер – эки тараптуу жол. Мында ким эмне айтканы эмес, иш жүзүндө эмне кылганы маанилүү. Жөнөкөй бир мисал: бизде батыштык өнөктөштөр курган бир дагы чоң завод жок. Ишканалар негизинен өзүбүздүн жарандардын жеке салымдарынын жана каражатынын эсебинен курулган. Демек, алардын бизге болгон негизги кызыкчылыгы геосаясый гана кызыкчылык, биз андан пайда көрүшүбүз керек.
Дагы бир мисал, Батыш өлкөлөрүнүн постсоветтик мейкиндиктеги таянган “жумшак” күчү. Алар бул багытта жигердүү иштеп жатышат. Биринчи кезекте улуттук маселенин үстүндө иштеп, кээде орустар менен кыргыздардын ортосундагы мамилени курчутуп ийип жатышат. Бирок, алар бизди ушундай ыкмалар менен ажыратса болот (!) деп ойлошсо, терең жаңылышат.
Ооба, балким, кыйынчылыктар бардыр, мындан кийин да болоор, бирок алар убактылуу. Мен Кыргызстандын аймактарын көп кыдырам, Россияга тез-тез каттап турам, ошондон улам ишеним менен айта алам, элдин көбү, аксакалдар эле эмес, жалпы эле жаштар да Кыргызстандын аймагында жашап жаткан баардык элдердин интеграциясын арттырууга кызыкдар. Ал эми Россиядагы мекендештерибиз, Россия Федерациясынын жарандыгын алган кыргызстандыктар өздөрүн орус дүйнөсүнүн толук кандуу бир бөлүгү катары эсептешет. Аларда орус паспорту болгондугу үчүн эмес, маданий сезимдери жана биздин элге жалпы таандык руханий баалуулуктары болгону үчүн. Бул нормалду көрүнүш. Биз кыргыздар орустар сыяктуу эле айкөлбүз. Ушул кең пейилдик бизди бириктирип турат. Орус дүйнөсү менен биздин көптөгөн моралдык, этикалык, маданий, тарыхый жалпы баалуулуктарыбыз бар, аларды сактап жана көбөйтүү керек.
Жыйынтыктап жатып, Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары жашап жаткан жылдардагы кыйынчылыктарга жана өйдө-ылдыйларга карабастан, мен өлкөбүздүн келечегине оптимисттик көз карашта экенимди ишенимдүү айта алам. Бүгүнкү күндө Кыргызстан эл аралык коомчулуктун активдүү мүчөсү жана өлкө өз жолу менен өнүгүп жатат. Мен элиме ишенем жана евразиялык мейкиндик менен бирге биз коопсуз жана бакубат келечекти түзөрүбүзгө көзүм жетип турат.
31-август эгемендүү күнүбүз кут болсун!
Пикирлер (3)