Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 06:25
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним

17.09.2024 12:14
263
Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним


Бул китеп профессор, саясый илимдердин доктору, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулович Жекшенкуловдун Кыргызстан тууралуу айтып берген түстүү иллюстрацияланган басылмасы.


Китептин мазмуну өлкөнүн тарыхы, келечеги, кыргыз элинин маданияты, үрп-адаттары, аймактардын жаратылышы, кооз жерлери, ага байланыштуу уламыштар жана каада-салттар тууралуу жеке көз караштар менен ой жүгүртүүлөрдү камтыйт.


Басылмада белгилүү фотожурналист Влад Ушаковдун эксклюзивдүү сүрөттөрү колдонулду.


Пролог 


Жети жылдан ашык убакыт мурун Facebook социалдык тармагындагы жеке баракчамда түркүн түстүү сүрөттөрү бар “Кыргызстан – сүйүктүү мекеним!” деген рубрика менен материалдарды жарыялай баштагам. Бул постторум досторум жана интернет колдонуучулар тарабынан жакшы кабыл алынып, “ушул материалдардын баарын бириктирип китеп чыгарсаңыз” деген тилектер, кеңештер көп болду.


Кыргызстандын тарыхы жана келечеги, кыргыз элинин маданияты, үрп-адаттары, каада-салттары, аймактардын жаратылышы, кооз жерлери жөнүндөгү жана алар менен байланышкан уламыштар, салттар тууралуу менин кабылдоом жана ойлорумдун, синтезинин жыйынтыгы болгон китепти окурмандарга тартуулайм.


Жумушума жана коомдук ишмердүүлүгүмө байланыштуу Кыргызстандын дээрлик баардык булуң-бурчтарын кыдырып чыктым. Дипломатиялык кызматта иштеп жүргөндө жер шарынын дээрлик бардык континенттерин көрдүм, албетте, Антарктидадан башкасын. 


Менин тажрыйбама ишенип коюңуздар, дүйнөнү өз көзүм менен көрүп чыккан адам катары өлкөбүздүн кооздугу укмуштуудай жана кайталангыс деп ишенимдүү айта алам.


Африканын, Американын, Европанын, Азиянын же Австралиянын кайсы жеринде болбоюн, менин ойлорумда дайыма Ала-Тоонун, Ысык-Көлдүн, Сары-Челектин улуу тоолору, Арсланбобдун токою, Чүй менен Фергана өрөөндөрү болор эле.

Эсимде, Австрияда элчи болуп иштеп жүргөнүмдө ушунун баардыгы дээрлик күн сайын түшүмө кирчү. Тоодогу таза абанын илеби, туптунук мөңгү суусунун кайталангыс даамы оюмдан кетпеди.


Мен кыргыз элинин ушундай асыл, кооз жери бар экенине сыймыктанам. Коомдогу болуп жаткан ар кандай окуяларга карабастан, өзүн таануу процесси, улуттук дөөлөттөрдү аңдоо, ошого катар аң-сезимдин көтөрүлүп, Кыргызстан менен сыймыктануу сезими, анын кооздугу, тарыхый жактан өсүп жаткандыгы кубандырат. Цифралар башталды. Барган сайын көп адамдар жаратуунун зарылдыгын түшүнө баштады, жакшы келечекке болгон үмүт жана ишеним ойгонууда.


Туулган жеримдин кооздугу тууралуу темага биринчи жолу 2007-жылы кайрылгам, атактуу фотожурналист Влад Ушаков менен биргеликте “Кыргызстан – Эдельвейс өлкөсү” аттуу атамекендик биринчи клипарттарды чыгарганбыз. Беш диск, Влад Ушаковдун миңдеген оригиналдуу сүрөттөрү жана 32 открыткадан турган бул эмгек коомдо кызыгууну жараткан.


Клипарттарды Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дагы жогору баалап, биздин долбоорго батасын берген. Анын пикиринде, биз келечекте өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнүн негизги ресурстары болгон элин жана кооз жаратылышын бүткүл дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек болчу. Ойчул жана дипломат катары ал Кыргызстандын потенциалын көрсөтүү жана дүйнөлүк коомчулукка таанытуу үчүн бул форманы натыйжалуу катары эсептеген.




Менин балалыгымдагы тоолор


Мен Нарын облусунун тоолорунда төрөлгөм. Үй-бүлөдө эң улуусу болуп, кыргыздын салтына ылайык жети жашка чейин Кочкор районунун Туз айылындагы чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом.


Үч жашымда чоң атам мени биринчи жолу атка мингизген, беш жашымда атты өз алдымча башкарып, ага кой кайтарганга жардам берип калгам. Ал мага көчмөн турмушундагы бай акылмандыкты, анын ичинде боз үй тигүүнү, койду туура союп, жиликтегенди, бөлгөндү үйрөттү.


Чоң атам мени манасчыларды, комуз күүлөрүн уксун деп ар дайым айылдагы баардык майрамдык жана аза күтүү иш-чараларына ээрчитип алчу. Муну кыргыз элинин тарыхын, үрп-адаттарын жана каада-салттарын изилдөөдөгү мыкты ыкма катары эсептеген. 


Кечкисин, айрыкча кыш мезгилинде чоң энем мага уламыштарды, жомокторду айтып, кыргыз элдик ырларын ырдап берчү. 


Бала чагымдагы тоолорго барганымда, жылдар өтүп, башкаруучулар менен кылым алмашып жатканына карабастан, менин тоолорумдагы адамдар ошол бойдон калгандарына күбө болом: алар эмгекчил, кайраттуу, сабырдуу жана меймандос. 


Элим, суу, күн, тоо – менин өлкөмдүн башкы байлыктары. Өнүккөн Кыргызстандын татыктуу келечегине ар дайым ишенем!


Эзелтен бери...


Кыргыз ким экенин, кайдан келип, кайда баратканын (?) түшүнгүсү келгендер көбөйдү. Мен бул суроолорго жоопту ар дайым тарыхый элдин элесинен издейм. (Бул суроолорго мен ар дайым элдин тарыхый эсинде жооп издейм). Кыргызстандын элчиси катары Россияны кыдырып, Сибирдин, Поволжьенин жана Алтайдын түпкү элдеринин турмушу, маданияты менен таанышуу өзгөчө кызыгуу жаратты. Кыргыздар адатта Россиянын көптөгөн калкы менен генетикалык жактан тууган экенине болгон ишенимимди бекемдеди.


Биз бир ата-бабанын – Улуу Талаанын балдарыбыз. Биримдигибиздин уюткусу алтай тилдер үй-бүлөсүнө таандык. Биздин элибиздин маданияты жана үрп-адаттары негизинен жалпы тарыхый өнүгүүнүн аркасында сакталып, өнүгүп келген.


Алтай цивилизациясы


Бүгүнкү күндө окумуштуулар Алтай – байыркы көп элдердин цивилизациясынын башаты экенин айтып келишет.

Мындай пикирди Россия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путин да карманат: “Алтай – баардык түрк элдеринин ата мекени! Кыргыздар – Алтай цивилизациясынын негизи!”


Кыргыздардын келип чыгышы жөнүндөгү уламыштар


Байыркы бабалар биздин ата тегибиз тууралуу уламыштарды, мифтерди муундан-муунга оозеки өткөрүп келген. Көптөгөн уламыштарда кыргыздардын Енисейдеги жана Алтайдагы жашоосу, алардын улуулугу менен мамлекеттик түзүлүштөрү жөнүндө айтылат.


Уламыштардын биринде, мындан көп жылдар мурун Орто Азиянын тээ түпкүрүндөгү бир сыйкырчынын окуясын алсак, карышкыр жигитти өлүмдөн сактап, айыктырган соң анын аялы болуп калганы айтылат. Жигитти душмандары өлтүрүп, карышкыр Тянь-Шань тоолоруна качып барып, он уул төрөйт. Алардын бири Ашина, башчы болуп, хандык үй-бүлөнүн пайдубалын түптөгөн. Калган уулдары «түрк» деген жалпы ат менен биригип, уруулардын негиздөөчүлөрүнө айланышкан. "Түрк" деген сөздү которгондо «кайраттуу», «эр жүрөк» дегенди билдирет.


Көптөгөн кылымдар өткөндөн кийин ата-бабасынын карышкыр болгонун эске алган кыргыздар согушка карышкырдын башы түшүрүлгөн туу астында чыгышкан.


Дагы бир уламышта кыргыз деген карышкырдын тукумдарынын бири Алтайдан Енисейге көчүп келгени айтылат. Ал эми андан тараган уруу ошол жерде бир нече кылымдар жашаган кыргыз мамлекетин түзгөн. 


Енисейлик кыргыздар өздөрү жигит менен карышкыр жөнүндөгү бул уламышка шектенүү менен мамиле кылышкан. Алар чындыгында ата-бабалары ыйык Бугу эне экенине көбүрөөк ишенишкен. Бул уламыш кытай тарыхчылары тарабынан VIII кылымда жазылган. 


Чыңгыз Айтматовдун Бугу эне жөнүндөгү уламышы


Бугу эне жөнүндөгү уламыш Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинде чагылдырылган. Анда Енисей дарыясынын жээгинде байыркы кыргыз уруусу жашаганы, бир кезде алар толугу менен жок кылынганы айтылат. Бир бала менен кыз аман калып, уруунун ханы (душман) кемпирге аларды өлтүрүүнү буюрат. Ал балдарды ыргытуу үчүн Енисей дарыясынын үстүндөгү аскага алып барган. Бирок Бугу эне пайда болуп, адамзаттын балдарын жок кылбай, ага берүүсүн суранат. “Мейли, андай болсо, аларды тез алып кет” дейт кемпир. 


Бугу эне балдарга: «Эми мен силердин апаңармын, силер менин балдарымсыңар. Мен силерди алыс жактардагы ак карлуу тоолордун арасында жайгашкан токойлуу Ысык-Көлгө алып барам" дейт. 


Алар узак убакыт бою чытырман токойлорду, какшыган талааларды, эшилме кумдарды, бийик тоолорду жана бороондуу дарыяларды аралап өтүштү. 


Акыры мүйүздүү Бугу эне балдарын Ысык-Көлгө алып келди. “...Бул силердин жаңы мекениңер. Ушул жерде жашап, жер айдап, балык кармап, мал багасыңар. Бул жерде миңдеген жылдар бою тынчтыкта жашагыла. Тукумуңар узарып, көбөйө бергиле. Ылайым укум-тукумуңар узарып, эне тилиңерди унутпай, ырыңар кубанычка гана созулсун. Адамдар жашаш керек болгон жашоодо өмүр сүргүлө” дейт.


«Манас» эпосу


Бизге, элдин эсинде сакталган оозеки, кайталангыс чыгарма – “Манас” эпосунун кылымдардан бери айтылып келатканы маанилүү. Ал жарым миллион ыр саптарынан турат жана көлөмү боюнча дүйнөдөгү баардык белгилүү эпостордон ашып, бай мазмунга эгедер.


Эпостун негизги каарманы Манас баатыр – Алтайда туулуп-өскөн улуу даанышман жоокер. Анын ысымынан Кыргызстан, Казакстандагы тоолордун чокулары, Кытай менен Алтай тоолорундагы көлдөр аталган.


Эпосто кыргыз элинин тарыхы жана руху чагылдырылат. Анын этникалык курамы, үй чарбасы, турмушу, үрп-адаттары жазылган. Манас элдин эң жогорку моралдык үлгүсүн, анын баатырдыгын, берешендигин, эркиндикке, жакшылыкка умтулуусун, адеп-ахлактык жана этикалык баалуулуктарын чагылдырат. 


Эпос кыргыздардын мамлекеттик, саясый, руханий жана маданий жашоосунун күчтүү куралы катары үлгү жаратып, кызмат кылып келген жана кызмат кыла берет. Бул маданий эстеликти сактоодогу өзгөчө сыйлык – Манасчыларга таандык. Келечектеги Манасчыга, түшүндө Кудайдан же баатыр Манастан манас айтуу боюнча аян берилери туурасында көптөгөн уламыштар бар. 


“Манас” эпосу – кыргыздардын гана эмес, Алтай цивилизациясына кирген элдердин да көчмөн маданиятынын, үрп-адаттарынын, каада-салттарынын тарыхынын энциклопедиясы.


Кыргызстандын, Россиянын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары заманбап шартта Алтай цивилизациясын изилдөө боюнча бир топ иштерди жасап жатканы кубандырат. Анын байыркы тарыхын, бай маданиятын ырааттуу жана мазмундуу изилдөө тектеш элдердин этномаданий байланыштарын кеңейтип, өнүктүрөрүнө ишеним бар. Бул Евразиялык маданияттын, билим берүүнүн жана руханий коомчулуктун өнүгүшүнө чоң түрткү берет.


Кыргызстандын суу ресурстары


Кыргызстандын асман тиреген тоолору мөңгүлөрдү пайда кылат. Мөңгүлөр толкундуу терең дарыялар менен көгүлтүр көлдөргө жан берет. Биздин дарыядагы суулар – күчтүүлүгү, көлдөгү суу – кооздугу, ичүүчү суубуз – даамы, минералдык суу – дарылык касиети менен белгилүү.


Кыргызстанда сегиз миңге жакын мөңгү бар, алар түбөлүк карлар менен бирге дээрлик аймактын кырк пайыздан ашыгын ээлеп, 650 куб километрге жакын сууну камтыйт. Биздеги суунун кору (запасы) коңшу Казакстанга караганда беш эсеге көп.


Мындан тышкары, Кыргызстанда эки миңге чукул көлдөр менен суу сактагычтар бар, алардын жалпы аянты жети миң чарчы километрди жана 1745 куб километр сууну түзөт.


Тоодогу көлдөр өзгөчө сулуулугу менен ажайып табиятты жана бүтүндөй өлкөнү кооздоп турат. Ал эми Ысык-Көл, Соң-Көл, Сары-Челек, Чатыр-Көл жана башка көлдөр дүйнөгө белгилүү.


Биздин өлкө Борбор Азиядагы гидроминералдык ресурстарга бай мамлекеттердин бири. Минералдык суулардын 100дөн ашык кендери изилденип, пайдаланылып жатат. Айрым кендердин базасында Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Ысык-Ата, Жыргалаң сыяктуу бир катар белгилүү курорттор негизделген (бар). Кээ бир дарылык касиети бар суулардын булактары сапаты боюнча дүйнөлүк бренддерден кем калышпайт.


Турдакун Усубалиевдин суу туурасындагы ой-пикири


1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мурдагы биринчи секретары Турдукун Усубалиевич Усубалиев өзүнүн китебинде: «Суу алтындан да кымбат: Кыргызстандын суу ресурстары – анын улуттук байлыгы» деп жазган. Анын жетекчилиги астында Токтогул ГЭСи, Үч-Коргон ГЭСи, Күрпсай ГЭСи, жана башка суу сактагычтар, каналдар курулган.


ХХI кылымда бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп жаткан сууну, эң башкысы ичүүчү сууну Кыргызстандын негизги табигый байлыгы катары эсептейм.


Чыңгыз Төрөкулович Айтматов мындай деп жазган: «Биз зоокаларда, тоолордун арасындагы өрөөндөрдө жашайбыз... Дарыялардын жаралышынын сыры ушул тоолор менен байланыштуу. Кең Азиянын мейкиндигиндеги дарыянын агымынан бир ууртам суу ичкен адам кыргыз тоолорунун туптунук суусунан ичип жатканын эстесин».


«Байыркы Түркстан поэзиясында тоолук кыргыздар дарыялардын башындагы тургундар катары өзгөчө сыпатталып, «суунун башында, булуттардын жанында» деп ырга кошулган. Дарыялардан, шаркыратмалардан жаратылыштын кооздугун, кыймыл-аракетин жана күчүн көрүп, өзгөчө кумарланып, суктанганыбыз ушундан болсо керек. 


Акын Жеңижоктун суу жөнүндөгү керээзи


ХIХ-ХХ кылымдардын башындагы чыгаан акындардын бири Жеңижок кыздын көз жашы сыяктуу, булуттарда пайда болуп, ылдый жактарга бороондуу, баарын кыйратуучу дарыядай агып, кең ысык талааларга куюндай аккан тоонун мөлтүрү жөнүндө бүтүндөй бир философиялык «Агын суу» аталышындагы поэманы бекеринен жазган эмес. Анда акын көптөгөн жерди, элди аралап агып өткөн суунун жашоодогу стихиясын түшүнүп, даңазалап, анын максатын, сапатын, өзгөчөлүгүн ырдаган».


Акын Жеңижок бизге, урпактарына эскертүү калтырган:

«Суу сыйлаган – зор болор,

Суу кордогон – кор болор”.




Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн