Бугу 08, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Аликбек Жекшенкулов: “Октябрь окуясында эки өлкөнүн президенттерин сүйлөштүргөм”

27.04.2024 12:52
186
Аликбек Жекшенкулов: “Октябрь окуясында эки өлкөнүн президенттерин сүйлөштүргөм”


Саясат айдыңында Аликбек Жекшенкулов өңдүү тажрыйбалуу, таза, билимдүү инсандар сааналуу эле. “Легендарлуу парламенттин” депутаты, тышкы иштер министринин биринчи орун басары, Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Чехия, Словакия, Израиль, Россия, Армения, Грециядагы элчиси, (сегиз мамлекетте) өлкөбүздүн ОБСЕ, МАГАТЭдеги, Венадагы БУУнун өкүлү, президенттин администрация башчысынын орун басары, тышкы иштер министри, орус-кыргыз славян университетинин, дипломатиялык академиянын профессору, экономика илиминин кандидаты, саясат таануу илиминин доктору... 


Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгынын алдында Аликбек Жекшенкулович менен анын дипломатия чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгү туурасында маек курдук. 


- Аликбек Жекшенкулович, биз билгенден сиздин алгачкы кесибиңиз айыл чарбасы багытында болсо керек эле. Анан кандайча дипломат болуп кеттиңиз?


- Мен Фрунзедеги №56 химиялык мектепти бүтүргөн соң, Москвада Бауман атындагы жогорку техникалык окуу жайга өткөм. Бирок, өткөндөн кийин чоңдор, орой айтканда, менин ордумду тартып алышкан. Анын ордуна Ленинграддагы тамак-аш инстутуту менен Украинадагы айыл чарба академиясын сунушташты. Мен таятамдын колунда өскөм да, кайсы бирин тандарымды ойлонуп отурганда, ал киши келип калып, “айыл чарба академиясына бара бер, башкарма болосуң” деди. Агезде башкарма чоң кызмат эле да. Ошентип айыл чарба академиясына тапшырып калгам. А жерде Азия, Африка, Чыгыш Европадан келген студенттер менен чогуу окудум. Активдүү жаштар Интерклуб коомдук уюмуна чогулуп, кызматташчубуз, көрсө, дипломатия менен алектенүү ошондо эле башталыптыр. Андан кийин адистигим боюнча кызмат кылып, комсомолдо иштеп жүрүп, Ош облусунун Кара-Суу районунан “Легендарлуу парламентке“ депутат болуп шайланган соң, тагдыр экен, “жаштар ишти бат эле өздөштүрөт” дешип, мени эл аралык комитетке сунушташты. Катчы болуп, анан төрагалыкка дайындалдым. Дасыккан саясатчы Медеткан Шеримкулов менен чогуу иштешип, тажрыйба топтоп, эл аралык мамилелерде көп нерселерди үйрөнгөнгө аракет кылдым. 1996-жылы Англияга эки айлык курска барганда тестирлөөдөн өткөнбүз. Анын жыйынтыгы боюнча мен дипломатия менен журналистикага шыктуу экенмин. Бара-бара кандидаттык, докторлук диссертация жазганым да бекер эмес тура. 


Анан парламент тарар алдында мага «Токмокко мэр бол, же тышкы иштер министрлигине бар» деген эки сунуш болду. Апам аябай даанышман аял болчу, кеңеш сурасам, “мэр болсоң бирөөдөн алып, экинчисине бергенди үйрөнүшүң керек, андан көрө ТИМге бар, ал таза жумуш” деп насаат айткан эле. Натыйжада, апам себепкер болуп, ТИМде орун басар катары иштеп калдым. Ушул жерден бир нерсени айта кетейин, кайсы ишке барбайын, башында менин жолум оңой болбойт, бирок жемишин берет. ТИМге алгач барганда да, ал жерде иштегендердин айрымдары “кесиби башка, дипломатияны өздөштүрө албайт” деп каршы чыгышкан. Сураштырып көрсөм, демилгечилери төрт-беш эле киши экен. Мен аларды чогултуп сүйлөштүм. “Мага үч ай убакыт бергиле. Эгер ошол мезгилдин ичинде ишти өздөштүрө албасам, силерге эркекче сөз берем, өзүм эле кызматымды тапшырып кетип калам” дедим. Бирок, ага жеткен жок. Үч-төрт жумадан кийин эле бир-бирден кирип, кечирим сурашты. Ушул окуядан улам мен бир нерсени түшүндүм, таза иштесең, баарына жоопкерчиликтүү, ырааттуу мамиле кылсаң, натыйжада, сыйга татыйт экенсиң. 


- Сиз ТИМде биринчи орун басар болдуңуз да. Ал кайсы блокту башкарат эле?


- Кадр, финансы маселесин тейлеп, анан КМШ, эл аралык уюмдардын куратору элем. 


- Кадр маселесин тейлесеңиз, каалаган кишини кызматка коюп, же кетиргенге мүмкүнчүлүгүңүз бар беле?


- Ал кезде бар болчу. Анүстүнө адамдын өзүнө да байланыштуу. Мен принципиалдуу мамиле кылып, ишке жараса, же жарабаса ачык эле айтчумун. Мындайда башкалар да баамдашат эмеспи. “Тууган же жердешчиликке карабайт, ким билимдүү, жөндөмдүү болсо, ошону колдойт тура” деп билип калышат. Ачыгын эле айтайын, аппаратка түштүктүк балдарды биринчи мен алып келгем. Ага чейин жок экен. Себеби, мен өзүм түштүктө иштеп келгем да. Кээде жогору жактан “баланчаны ишке аласың” деп кысым көрсөткөн да учурлар болгон. Биз алардын көбүнө коркпой эле каяша айтчубуз, бирок кээде эң жогору жактан айтылса, кантип “жок” дей аласың?.. 


- Кайсы министрлер, дипломаттар менен иштешип, таасирлендиңиз?


- Биринчи тышкы иштер министри Казы Дыйканбаев, мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаов менен баарлашып, кеңештерин угуп, таалим-тарбиясын алгам. Убагында Роза Отунбаева жана Мурат Иманалиев менен иштештим. Экөө тең күчтүү жетекчилер болчу, алардан мен көп нерсени үйрөндүм. Ырас, тирешкен да учурлар болду. Мен принцибиме катуу турчумун да. “Андай эмес, мындай” деп кесе айтчумун. Бирок, акырында тил табышчубуз. Экөө тең далил, факты менен айткан аргументтерди туура түшүнүшчү. Анткени, мамлекеттик иште, өзгөчө тышкы саясатта ката кетирүүгө мүмкүн эмес. Кичинекей мүчүлүштүк Кыргызстан үчүн чоң зыянды алып келиши ыктымал. Мисалы, кайсы бир өлкөгө компетентсиз дипломат жиберилип, ал барган жеринде арак, тамеки сатса (дипломатиялык дүкөндөн товар алып, башка жакка тапшырган фактылар болгон да), өлкөнүн кадыр-баркына кандай доо кетет? Мен андай маселеде абдан катуу турчумун. Элчи, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Төрөкуловичтен дагы көп нерсени үйрөндүм...


- Баса, ал кишини биринчи ирет элчиликтен кетиришмекчи болушканда сиз сактап калдыңыз беле?


- Ооба, бул болгон окуя. 2005-жылкы революциядан кийин эң жогору жактан макулдашылып, Чыңгыз Төрөкуловичти иштен алууга жарлык даярдалып калыптыр. Мен ал макулдашылган кагазды көтөрүп алып президентке кирдим. “Бул кишини кетиргенге болбойт, себеби, Европада, бүт дүйнөдө кадыр-баркы, таасири, байланыштары өтө күчтүү. Эгер кетирсек, өзүбүздүн кыргызстандыктар гана эмес, эл аралык коомчулук да туура эмес кабыл алат. Анан калса, Бельгия биз үчүн өтө деле таасирдүү өлкө эмес” деп айтсам, президент да ынанды. “Анда бул кагазды басып кой” деп күлдү. 


Муну Чыңгыз Төрөкулов угуптур. Министр катары Брюсселге иш сапар менен барып, эртең менен сыртка чыкканы атсам эшиктин алдында турат. Мен өтө ыңгайсыз боло түштүм. “Чыңгыз Төрөкулович, келбей эле койбойт белеңиз” десем, “сен менин министримсиң, элдин баары сага кандай мамиле кыларыма байкоо салат” деп күлдү. Эртеси үйүнөн качан чыгарын элчиликтин кызматкерлеринен сурап алып, машинасы келип токтоор замат эшигин ачып тосуп алсам, аябай ыраазы болду эле. 


Кийин иштен кеткен соң биздин офиске келип, оппозицияда жүргөндө кенен-кесир сүйлөшүп, чер жазышып, баарлашчу элек. “Тоолор кулаганда” деген китебине кол тамгасын жазып берди. Мен үчүн өтө эсте каларлык жолугушуулар өткөн... 


- Чүйдүн интеллигенциясы баамдагандай, сиз мурдагы тышкы иштер министри Сакин Бегматовага эстелик койдурганыңыз алкоого арзып, айтылып келет... 


- Ооба, 2006-жылы бир туугандары сунуш кылышып, аты унутулуп баратканын айтышты. Ошондо дипломаттар менен биргеликте Таш-Мойнок мектебине эстелигин тургузганбыз. 


- Австрияда элчи кезиңизде кандай долбоорлорду ишке ашыра алдыңыз?


- Дипломаттардын иши адатта көзгө көрүнбөйт. Келишим түзүлсө да иш жылып, аткарылмайынча биз айтпайбыз. Дипломаттарда ушинтип кабыл алынган, бирок эки долбоор тууралуу азыр айта берсек болот. Биринчиси, ИИМди колдоо боюнча. Ошол учурда Аксыда кейиштүү окуя орун алып, бир топ жарандарыбыз окко учкан. Биз “күч органдарыбыздын митинг учурунда кандай аракеттенүү боюнча тажрыйбасы жок, анткени, буга чейин мындай кырдаалдарга тушуккан эмес, ошондуктан аларды сындагандын ордуна жардам бергиле” деп, ошол окуяны башкы аргумент катары пайдаландык. Бул жүйөбүзгө алар ынанышып, ал долбоор азыркы күнгө чейин иштеп жатат. РИИБнин имараттары ремонттолуп, атайын милдет өтөөчү бөлүктөргө тийиштүү жабдууларды, унааларды сатып беришти. Укук коргоо органдарынын көп кызматкерлери чет өлкөлөрдөн стажировадан өтүштү. 


Экинчи чоң долбоор – БУУ аркылуу каражат бөлдүрүп, баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү боюнча агенттик ачылганга жардам бердим. Тилекке каршы, кийин абдан керектүү меккеме жабылып калды. 


- Россиядагы элчиликте да жигердүү эмгектенип, пандемия убагында рейтингиңиз көтөрүлүп, алгылыктуу иштеп жаттыңыз эле. Анан эле күтүүсүз кызматтан кетип калганыңыз бизге аябай таңкалычтуу... 


- Мен дагы таңыркадым. Анткени, 2020-жылы 8-октябрда эле мен президент менен таптатынакай баарлашкам. Эки мамлекеттин президенттерин сүйлөштүргөм. Андан кийин эле 16-октябрда гезитке ушундай чечим чыгып калыптыр... Менин оюмча, бул жерде интрига, көралбастык болду окшойт. Себептеринин бири – пандемия учурунда биз штаб түзүп алып, көп нерселерди өкмөткө карабай эле жасаганбыз. Мага пандемия учурунда “элчиликти жап” деген буйрук келген. Жүз элүүдөн ашык элчилик болсо, алардын баары жабылып, биз гана иштеп турдук. Миңдеген кош бойлуу, ооруган кишилер келип атышса, мен кантип элчиликти жабам? Элдин мүдөөсүн аткарып, Россиядагы мигранттардын лидерлери менен биргеликте алгылыктуу иштегенге аракет кылдык... 


Дагы бир окуя, 2020-жылы Октябрь окуясында Арменияда ЕврАзЭСтин жыйыны болмок. Армениядагылар, Россиядагылар да “элчи катары ал жакка барууга милдеттүүсүң” дешти. “Президентке чалсак, жооп бербеди, премьерди таппайбыз, министр да дайынсыз. Ушундай башаламан убакта сиз элчи катары Кыргызстанды дүйнө жүзүнө уят кылбай, желегин кармап турганга милдеттүүсүз” дешсе, кантип баш тарта аласың? Барып катыштым. Бир ооз да ашыкча сөз сүйлөгөн жокмун. Ошону да көралышпай, мага күнөө коюшту. Курулай айыптоодон мурда, тескерисинче, ыраазычылык билдириши керек эле да. Негизи кызматта жүргөндө ар кандай кыйынчылыктарга даяр туруп, ал эми турмуштагы тоскоолдуктарга карабай жаратмандык иштерди уланта берүүнү туура көрөм.


- Азыркы ТИМдин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?


- Биздин тышкы иштер министрлиги абдан кыйын мезгилде иштеп жатат. Геосаясый абал абдан оор, АКШ менен Россиянын тиреши оорлошуп баратат, Иран менен Израилдин Палестина боюнча, ошого катар Кытай, Батыш мамлекеттеринин мамилеси татаалдашууда, БУУнун, жалпы эл аралык уюмдардын таасири түшүп, аларга тийешелүү мыйзамдар аксап, күч атасын тааныбагандай мезгил келгенсийт. Ушундай жагдайда биздин чакан мамлекет үчүн дээрлик чечимдерди кабыл алып, кандайдыр бир кадамдарды жасаш өтө татаал. Бирок ошого карабастан, менин оюмча, биздин ТИМ азырынча катачылыкка жол берген жок. Бул алардын эң чоң жетишкендиги. Себеби, а жерде тажрыйбалуу, билимдүү жигиттер отурат. Аларды туура түшүнүш керек. 


- Кандай дейсиз, тышкы саясатта көп вектордуу багытты карманганыбыз оңбу?


- Байкап атасыңарбы, азыр “көп вектордуулук” деген сөз анча колдонулбай баратат. Аныгында эки тараптуулук бар: Батыш менен глобалдуу Түштүк, Чыгыш маселеси. Анткени, АКШ, Батыш мамлекеттеринин саясатын колдобосо, кайсы лидерлер өз улутунун кызыкчылыктарын коргосо, жыйынтыгында, баарына сыртын салып, душман катарында көрүп, жерип келүүдө. Адегенде Россиянын коопсуздугуна коркунуч келтирип, андан соң тилектеш мамлекеттерге кыр көрсөтүп, басым жасоодо. Менин оюмча, бул Батыштын чоң катачылыгы. Алар башкаларга өзүнүн саясатын таңуулаганга көнүп калышкан. Эгер дүйнөгө таасирин күчөтүүнү ойлошсо, эгемен мамлекеттер менен эсептешип, адилеттүү, ачык болуш керек эле. Өткөн ХХ кылымда “ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат” деп айтылчу. Азыр “ким маалыматка ээликтен сырткары да таасир этсе, ошол дүйнөнү башкарат” дегенге өттү. Бүгүн интернет аркылуу ар кандай маалыматты таратканга мүмкүнчүлүк бар. Азыр “глобалдуу түштүк” деген термин пайда болбодубу. Кытай, Индия, Россия жана башка өлкөлөр түштүктү түзүп калды. Элдин саны, экономикасы боюнча дагы үстөмдүк кылат. Ал эми Батыш болсо, аны моюнга албай, өткөн кылымдардай эле өз “айбатын” таңуулагысы келет. Глобалдуу түштүк аны кабыл албайт. Ошондон улам, “Батыш таасирин жоготуп атат” деп айтсак болот. Бул жагынан Батыштын саясый элитасы чоң катачылыкка жол берди. Ошондуктан, биз көп вектордуулук дебей эле өзүбүздүн улуттук кызыкчылыкты көздөгөн саясат жүргүзгөнүбүз оң. Ал жалпы коомчулук колдогон, жалпы элдин муктаждыгын ойлогон саясат катары кабылданышы керек. Саясатты туура аныктоодо география өтө манилүү. Эгерде биз Европага жакын болсок, башкача өңүт жаралмак. Россия менен Кытайдын, Борбордук Азиянын ортосунда орун алган соң биздин саясат башкача. Биз коопсуздук, экономика, гуманитардык жагынан да ушул мамлекеттер менен тыгыз байланышты улантып баратканыбыз туура. Ошондо гана транзиттик каттамдар, авиация, темир жол, автоунаа жолдоруна өнүгүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Мамлекетибиз байыганга, элибиздин бакубат жашоосуна мүмкүнчүлүктөр бар. Мен терең ишенем, баардыгы жакшы болот...


Маектешкен: Асланбек Сартбаев 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн