Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Аликбек Жекшенкулов пандемия учурундагы гумжардамдар боюнча билдирүү жасады

26.01.2021 18:12
1246
Аликбек Жекшенкулов пандемия учурундагы гумжардамдар боюнча билдирүү жасады


Урматтуу  достор! 

Менин дарегиме соцтармактардан пандемия убагында РФ өлкөсүнөн берилген ПЦР-тест, гумжардам боюнча суроолор келип жатат, кандайча, кимге бөлүнгөн, элге эмне үчүн бекер болгон эмес ж.б суроолор. 


Жооп: 

Бул суроого мурунку президенттин аппараты жана ТИМ, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги жооп бериши керек. Пандемия күчөп  турганда биз Россиядан уюштуруп жөнөткөн бекер гумжардамды толугу менен ошолор бөлүштүргөн. Элчилик тараптан баардыгы ачык айкын болгон. 


Элчилик диаспора жана волонтерлор менен биргеликте  пандемия убагында элибизге абдан чоң  жардам берди.


Бирок эмне себептен элге бекер гумжардам толугу менен жеткен жок деген суроо мени да кызыктырат. Негизи ПЦР-тесттер Россия өкмөтүнөн бекер берилген, эл үчүн анализдер толугу менен бекер жасалышы керек болчу.  Жаңы келген укук коргоо  жетекчилери  сөзсүз изилдеп  гумжардам уурдаган мите-чиновниктерди катуу жазалашы керек!


Мен Россиядагы элчи катарында өзүмдүн милдеттеримди так жана таза аткаргам! Ар бир маселе боюнча жообун бергенге даярмын.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн