Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алимбаев: Чек арада маал-маалы менен ок атылууда, Согди облусунун башчысы менен жолугушуу өткөрөм

14.09.2022 12:32
578
Алимбаев: Чек арада маал-маалы менен ок атылууда, Согди облусунун башчысы менен жолугушуу өткөрөм

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулар маал-маалы менен чыгып жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.


Анын айтымында, Баткен облусундагы чек арачылардын жана күч структуралардын жетекчилери окуя болгон жерге жиберилди.


“Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Ошондой эле жолугушуу өткөрүүнү макулдаштык. Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулар маал-маалы менен чыгып жатат. Бирок күч структуралары окуя болгон жерге жеткенден кийин баарын жөнгө салабыз”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн