Бугу 10, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Алимбаев кол күрөш боюнча өлкө чемпиондору менен жолугушту

31.03.2022 17:33
723
Алимбаев кол күрөш боюнча өлкө чемпиондору менен жолугушту

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кол күрөш боюнча өткөрүлгөн өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана машыктыруучу Сапарбай Курбанбековду кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.


Белгилей кетсек, 26-28-март аралыгында Кадамжай шаарында кол күрөш боюнча өлкө биринчилиги өткөн.


Алимбаев мелдеште оң кол боюнча 1-орун, сол кол боюнча 3-орунду алган (14 жашка чейинкилер) Равшан Орунбаев, анын машыктыруучусу Сапарбай Курбанбеков, 18 жашка чейинкилер арасында 3-орунга илинген Чыңгыз Бекболот уулу, оң кол менен 2-орун, сол кол менен күрөшүп 3-орунга татыган Кумар Жунусовду кабыл алды.


Жолугушууда облус жетекчиси балбандарды жеңиштери менен куттуктап, мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди каалап, аталган тармакка өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.


Белгилей кетсек, Равшан Орунбаев учурда 23-30-апрель күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган Азия биринчилигине даярданууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн