Бүгүн, 17-декабрда Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев 44 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.
Маалыматка ылайык, Азиз Мурадиллаевдин абалы оорлошуп кетип каза болгон.
Мурадиллаевдин соңку керээзи анын сөөгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюу болгон.
Эске салсак, Азиз Мурадиллаев боор оорусу менен жабыркап келген. Анын боорун алмаштыруу үчүн операция 30-декабрда Түркияда жасалмак.
"Медиа центр" маалымат агенттигинин жалпы жамааты Азиз Мурадиллаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн