Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Алимбековдун штабынын Атазовго жообу: Сотко кайрылууга аргасыз болдук (видео)

01.12.2021 16:49
2387
Алимбековдун штабынын Атазовго жообу: Сотко кайрылууга аргасыз болдук (видео)


Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Алимбековдун штабы аталган шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазовду сотко берди. Бул тууралуу штаб башчысы Нурлан Орозбаев билдирди.


Анын айтымында, Атазов Шайлообек Нурбек Алимбековдун аброюна шек келтирип жатат.


"Биз таза шайлоо өткөрүү үчүн үгүт кампаниясын жүргүзүп, эч кимге акча бербей талапкерибизди элдин тандоосуна чыгардык.

Нурбек Алимбековдун жеңишинен кийин Шайлообек Атазов ар кандай каралоо иштери менен алектенип, биздин талапкердин аброюна шек келтирди.


Укук коргоо органдары тарабынан мыйзам бузуу катталбаганына карабастан ал жалган маалымат таратып жатат. Ошондуктан биз Шайлообек Атазовдун үстүнөн сотко кайрылууга аргасыз болдук",- деди Орозбаев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн