Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алимент төлөөдөн качкан жарандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды

31.01.2024 16:51
201
Алимент төлөөдөн качкан жарандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды


Юстиция министрлиги баласына алимент төлөөдөн качкан ата-энелерди үч жылга чейин камоо тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады.


Документ бүгүн парламентте биринчи окууда каралды.


Азыркы мыйзам боюнча, алимент төлөбөгөндөргө 20-50 миң сомдук айып салынат же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат. Мында ушундай жазаны бир жылга чейин төлөбөгөндөргө гана колдонуу демилгеленди. Ал эми 12 айдан ашып кетсе 50-100 миң сомдук айыпка жыгып, бирден үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.


Бирок депутаттардын көпчүлүгү өкмөт аша чаап кеткенин белгилеп, жазаны жеңилдетүү же башка түрүн колдонуу керектигин айтышты. Мисалы, Дастан Жумабеков автоунаа айдоого тыюу салууну сунуштады.


Натыйжада сунуш, пикирлерди эске алып мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту. Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова экинчи окууга оңдоп-түзөө менен алып келүүнү убадалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн