Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мурдагы президент Аскар Акаев менен чогуу тамактанганынын себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу ал АКИпресс агенттигине билдирди.
Анын айтымында, аны хирург Мамбет Мамакеев конокко чакырган.
"Иш-чарага мени Мамбет Мамакеев чакырды. Ал жерде мурунку президент Аскар Акаев да болду. Мен аны менен жеке тааныш эмес болчумун. Биз сүйлөштүк, жалпысынан жолугушуу абдан жакшы өттү",- деп билдирген министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн