Август айынын ортосуна чейин 1,2 млн кишини эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатабыз. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, азыр калкты массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүү башталды.
"Бүгүнкү күндө республика боюнча 847 эмдөө пункттары уюштурулду. Кечээ Кытайдын "Синофарм" вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келинди. Ал вакцина өлкөнүн региондоруна таратып берилди.
Биз август айынын ортолоруна 1,2 миллион кишини эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатабыз",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн