Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алымкадыр Бейшеналиев: Дарыгерлердин айлыгын дагы көтөрүү үчүн президентке кайрылдым

10.01.2022 09:42
1411
Алымкадыр Бейшеналиев: Дарыгерлердин айлыгын дагы көтөрүү үчүн президентке кайрылдым

"Кызыл зонада" иштеген дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлдү. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, дарыгерлердин айлыгын көтөрүү маселеси дагы каралат.


""Кызыл зонада" иштеген дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга, башка дарыгерлердин айлыгы 50 пайызга көтөрүлдү.

Быйыл дарыгерлердин айлыгын көтөрүү үчүн президент Садыр Жапаровго дагы кайрылдым. Эгер бюджеттен акча каралса, быйыл дагы 50 пайызга көтөрүлөт",- деди министр.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Насирова Токтокан
Жакшы бирок врачтардыкы канча процентке которулсо мед сестраларлыкы да ошончо которулсо жакшы болмок июлда врачтарга 100% мед сестраларга 50% болуп тенсиздик болуп калды . Башта 2010 жылы баарыбызлыкы бирдей которулгон ошол жагын короонуздарды отунобуз суранабыз.