Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алымкадыр Бейшеналиев: Депутаттардын тааныштарын кызматка албасам, мени коркутушат

29.04.2021 09:22
762
Алымкадыр Бейшеналиев: Депутаттардын тааныштарын кызматка албасам, мени коркутушат

Депутаттардын тааныштарын кызматка албасам, мени коркутушат. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри "Супер.кг" порталынын эфиринде билдирген. 


"Мен башында депутаттарга барып жүрдүм. Качпай эле суроолоруна азыр деле жооп бермекмин. Аттарын айтпай эле коёюн кээ бир депутаттар менин туугандарымды башкы дарыгер кылып коюп бер деп сурана беришет. Ошолор кызматка койбосом эле, мени коркута башташат. Барсам кичинекей баладай кылып медицинаны түшүнбөй эле ар нерсени айтышат.

Иш сапарлары менен жүрүп дагы жыйындарга бара албай калдым. Депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтөбүз деп телефон чалып башташты", - дейт Бейшеналиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн