Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Көлбаевдин эжесине операция жасады. Бул тууралуу "Кактус.медиага" министр маалыматты тастыктаган.
Анын айтымында, ал Көлбаевдин эжеси менен классташ.
"Көлбаевдин эжесине операция жасаганым чын. Муну танбайм. Анын эжеси менин классташым болот. Биз чогуу окуганда Камчы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес эле.
Ал эле эмес мен Акаевге, Бакиевге операция жасаганмын",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн