Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:19
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Алымкадыр Бейшеналиев: Кыргызстанда калктын 48 пайызы эмдөөдөн өттү

Алымкадыр Бейшеналиев: Кыргызстанда калктын 48 пайызы эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда калктын 48 пайызы эмдөөдөн өттү. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, коллективдүү иммунитетти түзүү үчүн 70 пайыз адамдар вакцина алыш керек.


"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда калктын 48 пайызы эмдөөдөн өттү. Бул көрсөткүчтү эл аралык изилдөөлөр аз көрсөтүп жатат. Анткени алар Кыргызстандын жалпы калкынын эсебине бөлүп жатат.

Бизде андай эмес. 16 жаштан өйдө  үч жарым миллиондон ашык жаран болсо, алардын бир миллондойу миграцияда жүрөт.

Калган 2,5 миллон калкка карата эмдөөдөн өткөндөр 48 пайызды түзөт",- деди министр Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн